http://ktrk.kg/Талас:Коронавирус киргизген жаңы талаптар

Талас:Коронавирус киргизген жаңы талаптар

19 Июнь , 21:31 347

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Талас облустук биргелешкен ооруканасынын инфекциялык бөлүмүндө COVID-19га кабылган 14 жаран дарыланууда. Мындагы медициналык кызматкерлер бардык санитардык талаптарды сактоого аракет кылышат. Баарына эле береги кызыл сызыктан өтө берүүгө болбойт. Байланыш көбүнчө рация аркылуу жүрөт.

Дубандагы кырдаалды облустук штаб дыкат көзөмөлгө алган. Ал эми социалдык аралыкты сактоо боюнча айтылган эскертүүлөргө карабай саламаттыгына кайдыгер карагандар жок эмес. Мындан улам ишемби күнү иштей турган мал базарларга көзөмөл күчөтүлөт. Эгерде санитардык эрежелер аткарылбаса, мал базарлар абал турукташканга чейин кайрадан жабылышы мүмкүн.

Коопсуздук чараларынын алкагында дубандагы базарлар залалсыздандыруу үчүн кезек-кезеги менен жабылып турат. Ал эми транзиттик жол боюндагы соода түйүндөрүнө да талап күчөтүлгөн. Ошондой эле, сырттан кирген жүк ташуучу унаалардын мындай жолдордо токтошуна чектөө коюлган.


Новости по дате