http://ktrk.kg/Cанариптештирүү — артыкчылыктуу багыт

Cанариптештирүү — артыкчылыктуу багыт

22 Июнь , 22:06 288

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстан учурда маалыматтык технология агымынан артта калбай санариптештирүүнүн жолунда. Быйыл да бул багытта аткара турган жумуштар өз ыргагы менен улантылат. Президент Сооронбай Жээнбеков калк, бизнес жана мамлекет ортосундагы өз ара аракеттешүүнү автоматташтыруу боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Мамлекет башчысы өлкөнү санариптештирүү боюнча мындан аркы артыкчылыктарды белгилеп, бул маселелерди кеңешчиси Дастан Догоев менен Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов менен талкуулады. 

Кыргызстан соңку жылдары санариптештирүү багытында көлөмдүү жумуштарды жасап үлгүрдү. Бул максаттагы аракеттердин натыйжасында жарандарга мамлекеттик кызматтарды алуу кыйла жеңил болуп калды. Учурда жарандар маалым каттан баштап, нике кагазын, жарандын туулгандыгы, өлгөндүгү тууралуу күбөлүк жана башка документтерди электрондук түрдө алууда. Мамлекеттик мекемелерди бириктирген “Түндүк” системасынын ичинде мамлекеттик органдар менен коммерциялык уюмдар маалыматтарды алмашууда. Мындай аракеттер буга чейин документтерди алуудагы жемкорлукту ооздуктады.

Президент өлкөдөгү санариптештирүү боюнча бул жумуштардын ишке ашышына кеңешчиси Дастан Догоевдин салымы зор экенин белгиледи. Аны Гарвард университетине өтүшү менен куттуктап, окууларына ийгиликтерди каалады. Ошол эле учурда Дастан Догоевге чоң жоопкерчилик да артылып жатат. Ага Президенттин кеңешчиси катары өлкөнү санарип трансформациялоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууну координациялоо, ошондой эле санариптештирүү боюнча Коопсуздук кеңешинин чечимдерин жана башка артыкчылыктуу багыттарды аткарууга көмөк көрсөтүү тапшырылды.


Новости по дате