http://ktrk.kg/Эпидемиологиялык абал кескин начарлады

Эпидемиологиялык абал кескин начарлады

24 Июнь , 21:53 135

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкөдө эпидемиологиялык абалдын кескин түрдө начарлашына байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги ыкчам чараларды кабыл алып, калк үчүн оорудан сактануунун жаңы алгоритмин иштеп чыкты. Акыркы жумада ооруп калгандардын саны тез өсүүдө. Бир суткада COVID-19 диагнозу тастыкталган 207 жаңы учур катталып, бир адам каза болду.Кыргызстан боюнча жугуштуу илдетке чалдыккандардын саны 3726 адамга жетти. Ал эми оорулуулар менен жакын байланышта болгондор он беш миңден ашты. Мындан улам адистер максатсыз көчөгө чыкпай, эл көп топтолгон жерге барбай, сөзсүз бет кап кийип, колду бат-баттан жууп турууга, ар бир адамды жоопкерчилик менен санитардык нормаларды сактоого чакырат.


Новости по дате