http://ktrk.kg/Коргонуу үчүн бет капты кийиңиз - Кыргызстан жаңылыктары

Коргонуу үчүн бет капты кийиңиз - Кыргызстан жаңылыктары

25 Июнь , 21:39 164

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Дарыгерлер жеке гигиена жана аралыкты сактоо менен гана ооруну жугузуудан коргонуу мүмкүн экенин эскертет. Бирок шаардыктардын азы гана жалпы эрежени сактабаса, көбү кол кап кийбей, бет капты да тагынбай жүрүшөт.

Учурда Бишкек жана Ош шаарларында, Чүй, Ош облустарында эпидемиологиялык абал курч сакталууда. Адистер ишкана, кафе, ресторан, базар, соода түйүдөрдүн жана башка жайлардын иштөөсүнө уруксат берилгенден бери жарандар санитардык талаптарды сактабай, кайдыгер болуп калганын айтышууда. Коомдук жайларда бет кап, кол кап кийбей, антисептик колдонууну тоготпой коюу менен эпидемиялык абал дагы курчушу ыктымал. Демек кошумча чектөөлөр кирип калышы мүмкүн. Мындан улам дарыгерлер санитардык талаптарды аткарууну сунуштайт.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюуму да бет капты кийип жүрүүнү сунуштайт. Өзгөчө эл көп топтолгон коомдук транспорттун, дүкөн же башка бир жайлардын ичинде бет капты кийип, аралыкты сактоо менен жугуштуу оорудан сактанса болот. Муну менен катар тамактанууга да көңүл буруу маанилүү. Кыймылда болуп, алкоголдук ичимдиктер менен кошо тамекиден баш тартууну да сунушталат.

Ар бир жаран ден соолугун өзү сактай алат. Жугуштуу илдеттен коргонуу үчүн бет кап тагынып, санитардык талаптарды туура аткарыып, аралыкты сактоо зарыл.



Новости по дате