http://ktrk.kg/Бейтапка жардам берүүнүн шарттары - Кыргызстан жаңылыктары

Бейтапка жардам берүүнүн шарттары - Кыргызстан жаңылыктары

25 Июнь , 21:46 281

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Дене табынын көтөрүлүшү, даам жана жыт сезбей калуу, алсыз болуп, тер басуу жана муундардын оорушу коронавирустун белгилери экенин адистер кайталап келатышат. Мындай учурда бет кап тагынып, өзүнчө бөлмөдө обочолонуу сунушталат. Адистер менен кеңешип, жардам алуу үчүн 118 ыкчам номери иштейт. Суюктукту көп ичүү зарыл. Дене табы 38 градуска жетип, жөтөл күчөп, дем алуу кыйындаса дарыгерлер дарылоонун андан аркы жолдорун аныктайт же ооруканага жатуу сунушталат. Бейтаптын ден соолугуна үйүндө гана көзөмөл кылынышы да мүмкүн.

 Коронавирус тууралуу суроолорго жооп бере турган ыкчам байланыш кызматтын дарегине карата бир топ сындар айтылды. 118 номерине чалып, байланыша албай жатканы тууралуу билдирүүлөр көп. Бул айрыкча Бишкекке мүнөздүү. Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы муну чалуулардын өтө көп болуп жатканы менен түшүндүрөт. Буга чейин операторлор эртең мененки саат сегизден тартып, кечки сегизге чейин иштеп жаткан учурда бир күндө борбор калаада жети жүздөй кайрылуу болсо, эми күнү-түнү иштөөгө өткөндөн тартып кол-борбору менен үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору эки миңден ашык чалууларды кабыл алып жатат.

Кайрылуулардын өтө көп болуп жатканы эске алынып, 118 ыкчам байланыш номеринин операторлору көбөйтүлдү. Буга чейин чалууларга жалпы өлкө боюнча 32 адис жооп берсе, эми 46 оператор иш алып барууда.

Саламаттык сактоо министрлиги оорунун белгилери байкалгандан кийин өпкөнү текшертүү үчүн медициналык жайларга баруунун кажети жок экенин эскертет. Себеби өпкөдөгү өзгөрүүлөр бир нече күндөн кийин пайда болот. Бирок бейтаптын саламаттыгына дарыгерлер көз салып турат. Бул үчүн жалгыз Бишкекте эле 40 мобилдик топ бар. Бирок бул да жетишсиз экени байкалды.

Инкубациялык мезгил же оорунун так аныктала турган убактысынын 14 күнгө чейин созулушу аталган вирустун олуттуу коркунучу катары кабылданып келатат. Себеби бул учурда илдетке чалдыккан адамда оорунун белгилери байкалгыча башкаларга жугузуу коркунучу бар. Жүздөгөн адамдардын обсервациялык жайларда жатышы да ушуга байланыштуу.





Новости по дате