http://ktrk.kg/Бюджет боюнча кеңешме - Кыргызстан жаңылыктары

Бюджет боюнча кеңешме - Кыргызстан жаңылыктары

25 Июнь , 21:47 223

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Премьер-министрдин айтымында, пандемия бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүүнү талап кылды. Кырдаалга байланыштуу өкмөт көптөгөн кошумча чыгымдарды кыскартып, артыкчылыктуу гана милдеттерди каржылоону калтырууга аргасыз болду. Бюджетти колдоо үчүн тышкы кошумча булактарды дагы тартуу боюнча иштерди активдештирүү зарыл.

Июнга карата республикалык бюджетке салык түрүндө 6 млрд 60 млн сом түшкөн, ал эми план 6 млрд 140 млн сомго мерчемделген. Бул ай үчүн план 98 %га аткарылган. «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайынын жабылышы бажы жыйымдарынын көлөмүнө таасирин тийгизбей койгон жок - деди Премьер-министр.

Жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчы республикалык бюджетти толтуруу - салык кызматынын гана эмес, бардык бийлик органдарынын милдети экенине токтолду. Жергиликтүү бийлик органдары бюджетти толтурууга түздөн-түз кызыкдар болууга тийиш экенин айтты.

Кыйынчылыктарга карабастан, көмүскө экономикага каршы күрөштү активдештирүү шарт экенин айткан өкмөт башчы фискалдаштыруу системасын киргизүү иштерин тездетүүнү тапшырды. Бул бюджетти толтурууда зор мааниге ээ. Андыктан ири соода түйүндөрүндө көзөмөл-кассалык машиналарды, май куюучу жайларда автоматташтырылган системаны, товарларды белгилөөнү киргизүү иштери үзгүлтүксүз жүрүшү керек.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекеттик органдарга бюджеттин киреше бөлүгүн камсыздоонун мындан аркы чаралары боюнча бир катар тапшырмалар берилди.


Новости по дате