http://ktrk.kg/Кыргызстанда коронавирус дагы 250 адамдан табылды

Кыргызстанда коронавирус дагы 250 адамдан табылды

26 Июнь , 11:11 329

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда коронавирус дагы 250 адамдан табылды. Бул кооптуу илдет сутка ичиндеги эң көп аныкталган учур. Вирусту жаңы жуктуруп алгандардын 105и Бишкек шаарына туура келет. Ооруга кабылган 250 адамдын үчөө гана сырттан келгендер. Ушуну менен өлкөдө март айынан бери Ковид-19 инфекциясына 4204 адам чалдыкты. 

Алардын 2162си сакайды. Буга чейин Бишкекте коронавирустан жабыркаган бейтаптарды Жугуштуу оорулар боюнча ооруканада, Кыргы-Түрк достук ооруканасында, Улуттук фтизиатрия борборунда дарылоо жүрүп жаткан. Эми Курортология борборунда 300 орун даярдалды.

Новости по дате