http://ktrk.kg/Өлкө боюнча 21 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды

Өлкө боюнча 21 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды

26 Июнь , 11:13 294

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Сутка ичинде өлкө боюнча 21 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Анын айтымында, Бишкек шаарында 7, Ош шаарында 3, Ош облусунда бир, Чүй облусунда 9, Талас облусунда бир медкызматкер илдетке кабылды. Ал эми ооруканаларда сутка ичинде 7 медкызматкер айыгып чыкты. 

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 669 учур катталды, алардын ичинен 403 медкызматкер стационарлардан айыгып чыкты.

Новости по дате