http://ktrk.kg/Коронавирус: Нарында коомдук унаалар текшерилди

Коронавирус: Нарында коомдук унаалар текшерилди

26 Июнь , 11:20 340

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нарында коомдук унаалар текшерилип, коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштери болду. Бишкек - Нарын - Торугарт жолунда бараткан айдоочулардын санитардык эрежелерди так сактоосу эскертилди. Буга чейин да адистер тарабынан ар бир унаада антисептик жана башка медицаналык каражаттарды алып жүрүүсү айтылган. 

Мындан тышкары борборго жүргүнчү ташуучу кичи автобустар да көзөмөлдө. Аларга 13төн ашык адам салууга болбойт. Эгер айдоочулар көрсөтүлгөн талаптарга баш ийбесе мыйзам чегинде жооп берет. Рейдди Нарын райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү өткөрүп, мындан ары да байма-бай текшерүүлөр болуп турарын айтышты.

Новости по дате