http://ktrk.kg/Ташкентте полиция кызматкерлери элге бекер бет кап таратууда

Ташкентте полиция кызматкерлери элге бекер бет кап таратууда

26 Июнь , 12:02 293

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

25-июндан тарта Ташкентте полиция кызматкерлери ар бейшемби сайын элге бекер бет кап тарата баштады. Бул тууралуу Ташкент шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Өлкөдө бейшемби «алдын алуу күнү» деп жарыяланган. Ошол күнү бет кап кийбегендерге айып салынбайт. 

Анын ордуна, укук коргоо органдарынын кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бет кап берет. Мындай иш аракеттердин алгачкы күнүндө калкка 30 миңден ашык медициналык беткаптар бекер таратылды. "Биз калкты карантин эрежелерин сактоого үндөйбүз. Вирусту биз менен бирге жеңиңиз", - деп айтылат маалыматта. Акыркы маалыматтар боюнча, Өзбекстанда коронавирустун 6901 учуру катталып, 20 адам каза болгон.

Новости по дате