http://ktrk.kg/Коомдук унааларды текшерүү

Коомдук унааларды текшерүү

26 Июнь , 20:27 312

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарында мобилдик топтор коомдук транспорттогу санитардык эрежелердин сакталышын көзөмөлдөөнүн үстүндө. Тилекке каршы айрым айдоочулар менен жүргүнчүлөр жугуштуу илдетке дагы деле кайдыгер мамиле кылууда. Илдеттин алдын алуу максатында талапты аткарбагандарга эскертүү берилип, одоно мыйзам бузгандарга айып салынууда. 

Автобус, троллейбустар каттам сайын токтоочу жайдан дезинфекцияланууда. Ал ортодо атайын түзүлгөн топтор жүргүнчүлөр менен айдоочулардын санитардык талапты карманып жатабы же жокпу байкоо салууда. Илдеттин жайылышын алдын алуу үчүн “Бишкек троллейбус башкармалыгы” ишканасында 6 мобилдик топ түзүлгөн. Алар күн сайын текшерүү жүргүзүүдө.

Маршруттук унааларды болсо мэриядан, транспорт тармагынан, жол көзөмөл кызматкери жана санитардык дарыгерден турган бир нече мобилдик топ текшерет. Адистер көп учурда айдоочуга эскертүүлөрдү берүү менен чектелет. Эгер унаанын ичинде бет капсыз жүргүнчү болсо, ага миң сом, 70 пайыздан көп адам салса айдоочуга 3 миң сом айыпка протокол түзүлөт. 

Көзөмөл башталгандан бери бир жарым миңдей унаа текшерилип, 182 протокол түзүлгөн. Маршруттук фирмалардын ээлерине 117 миң сом, айдоочуларга 192 миң сом айып салынган. Өкүнүчтүүсү жарандар коомдук жайларда санитардык талапты сактабай, инфекция күч алууда.



Новости по дате