http://ktrk.kg/COVID-19: 20 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат

COVID-19: 20 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат

28 Июнь , 14:27 196

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз


Өлкө боюнча коронавирус жуктурган 20 адам жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, стационарда 685 адам, үй карантинде 1 миң 774 жаран бар. Коронавирус жуктургандар менен 18 миң 623 жаран байланышта болгон. Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал. Сутка ичинде илдетти аныктай турган 4 миң 17 изилдөө жүргүзүлдү. Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 4748ге жетти. Алардын ичинен 2242 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 47 адам каза болду.


Новости по дате