http://ktrk.kg/Базарлардын санитардык абалы көзөмөлдөнөт

Базарлардын санитардык абалы көзөмөлдөнөт

29 Июнь , 11:37 61

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Каракол шаарындагы ири базарлар жумасына бир жолу дезинфекцияланып турушу керек. Бул иштерге шаардык тазалык ишканасынын зыянсыздандыруу кызматы да тартылган. Облустук штабдан билдиришкендей, коюлган талаптарды борбордук Ак-Тилек жана Ак-Тилек плюс базарлары толук аткарбай жатат. 

Мындан сырткары базар ээлери соода түйүндөрүнөн чыккан таштандыларды да чыгарбай, санитардык кооптуу абал жаралууда. Ал эми жол жээкте соода кылгандар дезинфекция иштерине тоскоолдук жаратып келет. Мындан улам түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.


Новости по дате