http://ktrk.kg/Ош шаарында эпидемиологиялык абал оор деп бааланууда

Ош шаарында эпидемиологиялык абал оор деп бааланууда

29 Июнь , 22:31 160

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Адистердин айтымында Ош шаарында эпидемиологиялык абал оор деп бааланууда. Шаардын өзүндө вирусту жуктуруп алгандардын саны 650гө чамалады. Ал арада, вирустун жайылышын ооздуктоо максатында, "118" ыкчам байланышы күнү-түнү иш алып барууда.

Ош шаарындагы колл-борбор май айынан тарта иштеп баштаган. Азыр күнүнө 100дөн ашуун телефон чалууну кабыл алууда. Борбордон билдиргендей, көрсөткүч май айына салыштырмалуу 10 эсеге өскөн. Ыкчам байланышка чыккандардын 70 пайызын COVID-19га шектенип, анализ тапшыргысы келгендер түзүүдө. Борбор калаадагы 7 муниципалдык башкармалыктан сырткары, райондордун жашоочуларын да тейлөөдө.

Саламаттыгына тынчсызданган жарандардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу, калаада экинчи маалыматтык борбор ишке кирди. Ош шаардык балдар ооруканасында онлайн кеңеш берүү кызматы ачылды. Ага тартылган 15 дарыгер, 24 саат бою 10 мобилдик номер боюнча жарандарга кеңеш берип турмакчы. Максаты - ооруканага келгендердин санын азайтуу, вирустун мындан ары жайылышын ооздуктоо. 

Акыркы 5 күндө шаарда вирусту жуктуруп алгандардын саны кескин өскөн. Учурда изолятордо дарыланып жаткан 159 бейтаптын жетөөнүн абалы оор деп бааланууда. Дагы 160 жаран обсервацияда, оорунун белгилери байкалбаган 300дөй жаран үй карантининде.

Адистер, эпидабалга карата алдын-ала иш мерчемдери иштелип чыкканын, ага ылайык, орун тартыштыгы болбой турганын белгилейт. Азыркы тапта, калаада 2,5 миң орунга ылайыкталган обсервация даяр турат. Дагы кошумча 500 орундуу жай даярдалууда.

Ал арада, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан шаардын Кара-Суу районунун кире беришине талаа шартында дарылоочу шаарча уюштурду. 

Чатырлар шаарчасы негизги 3 аймакка бөлүнгөн. Мындагы 60 чатыр 100 бейтапка ыңгайлашкан. Обсервациялык жайга 20дай медицина кызматкерин тартуу мерчемделген. 


Новости по дате