http://ktrk.kg/Эпидемиологиялык абал оор

Эпидемиологиялык абал оор

30 Июнь , 10:37 68

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда коронавирустан соңку суткада 7 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Ушуну менен өлкөдө ковид-19 инфекциясы 57 адамдын өмүрүн алды. Соңку каза болгондор 27 жаштан 70 жашка чейинки жарандар. 

Кооптуу ооруга кабылган 279 адам жаңы катталды. Эпидемиологиялык абал оорлошконунан улам тез жардам унаалары башка илдетке чалдыккандарга жана кырсыкка кабылган жарандарга барууга жетишпей жатат. Мындан улам андай бейтаптарды тез жардамды күтпөстөн, жеке унаа менен алып келүүгө уруксат берилди. Коронавирус жана өпкөнү сезгенткен илдетке кабылгандар кескин көбөйгөндүктөн, ооруканаларда кошумча орундар даярдалды.


Новости по дате