http://ktrk.kg/COVID-19 тездик менен жайылып жатат

COVID-19 тездик менен жайылып жатат

30 Июнь , 10:48 67

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Айрым өлкөлөрдө кырдаал жакшырганына карабастан, дүйнө жүзү боюнча COVID-19 пандемиясы күчөп жатат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Гебреисус билдирди. Кээ бир өлкөлөр социалдык жашоого кайтып келгенден кийин кырдаалдын курчушуна күбө болушту. Өкүнүчтүүсү, абал оор, — деди ал. Гебреисус 30-июнда уюм Кытайда белгисиз түрдөгү эпидемиянын биринчи отчетун алганына алты ай болгонун белгиледи. 

Алты айдын ичинде илдет жуктургандардын саны он миллион кишиден ашып, 500 миң адам өлгөнүн кошумчалады. Буга чейин башкы директор пандемия жаңы жана коркунучтуу баскычка өткөнүн айткан. Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнөдө коронавируска кабылгандардын саны 10 миллион 300 миң адамга жетип, 506 миңден ашуун адам көз жумду. Ал эми илдетти дүйнө жүзү боюнча 5 219 513 адам жеңип, кадимки жашоого кайтып келди.


Новости по дате