http://ktrk.kg/COVID-19: дарынын баасы жарыяланды

COVID-19: дарынын баасы жарыяланды

30 Июнь , 10:50 346

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Америка өнүккөн өлкөлөрдө COVID-19 инфекциясына каршы сыналып жаткан дарынын бир ампуласынын баасын 390 доллар деп белгиледи. Бул тууралуу аталган компаниянын сайтында жарыяланды. Вируска каршы препарат АКШда иштелип чыгып, 1-майда бекитилген. Ал Эболага каршы күрөштүн алкагында иштелип чыккан, бирок ошол учурда анын натыйжалуулугу далилденген эмес. Кийинчерээк дары SARS жана MERS сыяктуу куш тумоосу козгогон өпкө илдетине каршы натыйжалуу колдонулган. 

Препарат "Gilead Sciences" компаниясы тарабынан чыгарылган. Компаниянын билдирүүсүндө, Улуттук аллергология жана жугуштуу оорулар институтунун изилдөөсү көрсөткөндөй, дары бейтаптын калыбына келтирүү мезгилин төрт күнгө кыскартат. COVID-19 менен ооругандар алты ампуланын жардамы менен 5 күндүк дарылоодон өтүшү керек экендиги белгиленди. Анын баасы 2340 долларды түзөт.


Новости по дате