http://ktrk.kg/Бишкек шаарында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө

Бишкек шаарында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө

30 Июнь , 17:03 112

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Бүгүн Октябрь районунда жайгашкан мекеме, ишканалар, соода түйүндөрү, дүкөндөр жана көп кабаттуу үйлөрдүн короолорунда, бала бакчалардын балдар ойноочу аянтчалары залалсыздандырылды. 

Ошондой эле, кол шаймандарын колдонуу менен Чүй проспектисинин, Шопоков көчөсүнөн Гоголь көчөсүнө чейин жоо жүрүүчү тротуар, аялдамалар, отургучтар дезинфекцияланды. Бул иштерге башкармалыктан 13 кызматкер тартылып, жалпы аянты 19 миң чарчы метр тилке залалсыздандырылды.


Новости по дате