http://ktrk.kg/Каратаев: "Кыргызстанда жасалма дем алдыруучу аппараттар жетпей жатат"

Каратаев: "Кыргызстанда жасалма дем алдыруучу аппараттар жетпей жатат"

1 Июль , 10:51 728

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда кошумча 220 жасалма дем алдыруучу аппарат жана 2 миң кычкылтек концентратору талап кылынууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. 

Ал өлкөдө бул жабдуулар жетишпей жатканын билдирди. Буга чейин 473 жасалма дем алдыруучу аппарат болгон. Акыркы убакта эл аралык уюмдардан 20 жасалма дем алдыруучу аппарат алынган. Азыр өлкө боюнча 493 аппарат бар-деди Каратаев. 

Кычкылтек концентраторунун саны 610. Кошумча дагы 109 кычкылтек концентратору алганган. Бирок дагы 220 жасалма дем алдыруучу аппарат жана 2 миң 3 кычкылтек концентраторуна муктаждык бар. 

Учурда жабдууларды алуу багытында иштер жүрүп жатканын айткан Саламаттык сактоо министринин орун басары жабдыктар Россия менен Кытайдан келет деп күтүлүп жатканын билдирди. Түркия менен болсо сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.


Новости по дате