http://ktrk.kg/Ардактуу кесип ээси - Бейшен Исмаилов - Кыргызстан жаңылыктары

Ардактуу кесип ээси - Бейшен Исмаилов - Кыргызстан жаңылыктары

3 Июль , 22:18 1368

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бейшен Исмаиловту кесиптик майрамы менен биринчилерден болуп телефон аркылуу үй-бүлөсү куттуктады. Жугуштуу илдет башталгандан бери дарыгер үй бетин деле көрө элек. Хирург пандемия башталганы кезек менен оорунун очогуна кирип, коронавирус жуктургандарды дарылоонун үстүндө.

30 жылдык тажрыйбасы бар дарыгер коркунучтуу илдетке чалдыккандардын оор абалын эсинен чыгара элек. Андай учурда баардык нерсе унутулуп, бир гана бейтапты айыктыруу максаты калат -дейт.

Учурда Бейшен Исмаилов жана анын кесиптештери “жашыл” зонада иштеп, кайрылгандарды кабыл алышууда. Бирок кырдаал минтип, оору кулачын жайып жатканда кыраакы болушу керек-дейт дарыгер.

Саламаттыкты сактоо тармагынын ардактуу кызматкери, Афган согушунун ардагери Бейшен Исмаилов 55 жашта. Төрт кыз, бир уулдун атасы. Андыктан ар бир жаран үй-булөсүнөн баштап, санитардык эрежелерди так сактаса, ооруну жеңүүгө чоң салым кошоорун хирург белгилей кетти.




Новости по дате