http://ktrk.kg/Бишкекте талаа госпиталы иштеп баштайт

Бишкекте талаа госпиталы иштеп баштайт

6 Июль , 13:53 434

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Оштон Бишкекке компактуу реанимациялык курулуштан түзүлгөн талаа госпиталы жөнөтүлдү. 

Эскерте кетсек: Талаа госпиталы медициналык жабдуулар жана ыкчам керектүү шаймандар менен жабдылган.

Госпиталь 10 дарыгердин жана көмөкчүлөрдүн иштешине эсептелген. Госпиталдын түзүлүшү 3 бөлүмдөн турат: операция блогу, кароочу бөлүм жана товар сактоочу бөлмө, алардын ар бирин 10 мүнөттүн ичинде жая салууга болот. 

Операция блогунда бир мезгилде 2 адамга операция жасоого жана стационардык дарыланууга муктаж 30 адамды тейлөөгө мүмкүн. Ыкчам талаа госпитал 10 күнгө чейин жабдуусуз, автономиялык түрдө иштей алат.




 

Новости по дате