http://ktrk.kg/Ош шаарында дагы бир жеке менчик клиника изоляция катары иштетилет

Ош шаарында дагы бир жеке менчик клиника изоляция катары иштетилет

10 Июль , 9:43 416

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош шаарындагы «Нейролайф» жеке менчик клиникасын Алановдор үй-бүлөсү убактылуу изоляция катары пайдаланууга берди. Аталган клиникада коронавирус жана пневмонияга кабылган бейтаптар дарылана баштайт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Клиника менен Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов таанышып чыгып, иштеген дарыгерлерге айлык акысы толук бериле турганын билдирди.
Клиникада жалпы 36 койка даярдалган.

Кыйын кырдаалда бейтаптарды дарылоого жардам берген Алановдордун үй-бүлөсүнө ыраазычылык билдиребиз.



Новости по дате