http://ktrk.kg/COVID-19: Россиядан "Авифавир" дарысы качан келет?

COVID-19: Россиядан "Авифавир" дарысы качан келет?

10 Июль , 10:19 3144

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Учурда Кыргызстанга препаратты алып келүү боюнча жумушчу топ түзүлүп сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Коомчулукту кызыгуусун жараткан "Авифавир" дарысы тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин дары-дармек саясаты боюнча башкармалыктын жетектөөчү адис Жакубекова Айгүл Умарбековна төмөнкү суроолорго жооп берди.

Россиядан чыккан авифавир дарысы коомдо кызуу талкууга алынып Ковид-19 илдетин жок кылат делип жатат. Бул жаңы препаратты Кыргызстанга алып келүү боюнча Россия менен талкуулар жүргөнү маалым болду. Алгач айтсаңыз медиктердин көз карашында бул дарынын эффективдүүлүгү канчалык?

-Дарынын патенттелбеген эл аралык аталышы фавипиравир. Авифавир вируска каршы дары каражаты болуп эсептелет. Буга чейин гриппке каршы эффективдүүлүгүн көрсөткөн. Бирок коронавируска каршы натыйжалуу экендигине илимий жактан далилдер аз. Клиникалык изилдөөлөр жүргүзүлүшү керек. Кыскача айтканда, гриппти дарылоого болору далилденген, бирок ковидке каршы колдонууга болору туурасында илимий жактан тастыкталган эмес.

Демек бул препарат толук кандуу илдетти жок кылат деп айтуу эртелик кылабы? Негизи эле препараттын таасирдүүлүгү канчалык?

-Дарынын таасирдүүлүгүн ковид менен ооруп жаткан адамга карата колдонуп, сынап көрүшкөн. Мисалы, Кытайда 80 бейтапка ушул дарыны колдонушкан. Бул нерсе деңгээли төмөн изилдөөлөргө кирет. Илимий жактан тастыкталмайын дарыласа таасири мыкты болот деп айткандан алысмын. Ал үчүн окумуштуулар дыкат изилдеп чыгышы керек. Азырынча бул дарыга толук кандуу далилдер жок.

Учурда саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан жумушчу топ түзүлүп бул препаратты колдонуу тууралуу дагы Россия тарап менен сүйлөшүү жүргөнү кабарланууда?

-Клиникалык колдонмолорду карап иштеп чыгып, бекитиш үчүн топ түзгөнбүз. Ошол топтун ой-пикири менен чечилет. Азыр бизде бул дарынын үчүнчү версиясын колдонулууда. Жумушчу топтун мүчөлөрү төртүнчү версиясынын үстүнөн иштөөдө. Андан соң гана бул маселе кандай чечилери белгилүү болот.

Россиянын медиктери бул дарына кандай шартта колдонуп жатат. Процедуралары кандай?

-Россиянын саламаттык сактоо министрлиги жетинчи версиясын киргизген. Жетинчи версия деген убактылуу колдонмо. Башкача айтканда, коронавирусту аныктоо жана дарылоодо станционардык шартта гана колдонулат. Башка учурда колдонулбайт. Авифавирди Россияда эксперимент катары бейтапка сунуштап башташты. Дарыны берерден мурда ооруган жаранга толук маалымат берип, кокус терс таасир берип, бейтап жабыркап калса “доом жок” деген макулдашуудан кийин гана авифавирди колдонушат.

Буга чейин өзүңүз айткандай, авифавир дарысынын аналогу башка өлкөлөрдө дагы колдонулган экен, кайсыл өлкөлөрдө пайдаланылган, аларда натыйжа болду беле?

-Бул дары биринчи Японияда чыккан. Баштапкы коммерциялык аталышы “Авиган” болчу. 2020-жылдын январь айында Кытайда авифавир жана Лопинавир+Ритонавир комбинациясы менен кошо изилденип, авифавирдин таасири күчтүүрөк экени аныкталган.  Азыркы тапта Россия Федерациясынын саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан каттоодон өтүп, авифавирди стационардык шартта колдонууга уруксат берилген. Россиялык коллегалар 330 бейтапты ушул дары каражаты менен дарылап көрүп, мындан ары да коронавируска каршы колдонууга болот деген бүтүмгө келишкен.

Новости по дате