http://ktrk.kg/Илдет менен күрөшүүгө ыкчам аракет - Кыргызстан жаңылыктары

Илдет менен күрөшүүгө ыкчам аракет - Кыргызстан жаңылыктары

12 Июль , 21:47 245

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн бүткүл дүйнө анын ичинде Кыргызстан дагы эпидемиянын эпкини менен алышууда. Өлкө аймагында оору алгачкы ирет аныкталган күндөн тарта төрт айга жакын убакыт өттү. Бул мезгил жалпы өлкө үчүн, жарандар үчүн, бийлик органдары үчүн чоң сыноо болду. Айрыкча акыркы үч апта өзгөчө түйшүккө салды. 

Ооруну жугузгандардын саны кескин көбөйүп кетти. Тилекке каршы каза болгондор да арбыды. Бүгүнкү күндүн статистикасы буга чейин болуп көрбөгөндөй санга жетти. 12-июлга карата жаңы жугузган 719 учур катталды. Жети дубан, эки шаардын баарынан ооруну жугузгандар чыкты.


Новости по дате