http://ktrk.kg/Газ кырсыгынын курмандыгы

Газ кырсыгынын курмандыгы

8 Июнь 2016 , 6:34 2289

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Газ ташыган унаанын жарылуусунан жабыр тарткан бир жаран кечээ түнү каза болду. Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдагандай, 26 жаштагы Абесовго денесине 100 пайыз күйүк алган деген диагноз коюлган болчу. Ал кечээ түнкү саат 11ден кийин каза болду. 

Эске салсак, 6-июнда болжол менен кечки саат алтылар чамасында Фучик көчөсүндө жайгашкан жүк ташуучу унааларды токтоткон жайда газ ташуучу унаа техникалык эрежелер сакталбагандан улам жарылып кеткен. 

Натыйжада 11 адам ар кандай денгээлде күйүк алып, шаардык 4-ооруканага жеткирилген. Өрттү өчүрүү маалында өрт өчүрүү кызматынын адиси да жабыркаган. Жалпысынан кырсык болгон жерде 5 машина күйүп кеткен.


Новости по дате