http://ktrk.kg/Сел жүрүшү мүмкүн - Кыргызстан жаңылыктары

Сел жүрүшү мүмкүн - Кыргызстан жаңылыктары

21 Июль , 17:11 635

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

23-июлга чейин туруксуз аба ырайынан улам жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет. Коопсуздук үчүн жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын күч каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан кырсыктын алдын алуу максатында сурап-билүү борбору аркылуу калкка ыкчам маалымат жеткирүү иштери жүрүүдө.


Новости по дате