http://ktrk.kg/Ак аюулар жоголуп кетүү коркунучунда турат

Ак аюулар жоголуп кетүү коркунучунда турат

23 Июль , 9:35 496

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Арктикада муздун эришинен улам, ак аюулар ушул кылымдын аягында биротоло тукум курут болушу ыктымал. Бул тууралуу Ассошэйтед Прэсс маалымат агенттиги билдирди. Жер катмарынын температурасы улам жогорулаган сайын Арктикада муздар эрип, алардын жашаган чөйрөсү өзгөрүүлөргө дуушар болууда.

Арктикада климаттын өзгөрүшү планетанын башка аймактарына караганда эки эсе тездик менен жүрүп жатат. Ак аюлар 200 күн азыктанбай жүрө алышат. 

Деңиз муздарында туруп алып, нерпага, тюленге жана башка деңиз жандыктарына аңчылык кылат. Муздардын эришинен улам аюулар өзүнө тамак-аш таба албай, ачкадан өлүүдө. Учурда дүйнөдө ак аюлардын саны 25 миңге чукул экени айтылууда.




Новости по дате