http://ktrk.kg/ӨКМ: дезинфекция иштери протоколдун негизинде жүргүзүлөт

ӨКМ: дезинфекция иштери протоколдун негизинде жүргүзүлөт

24 Июль , 9:44 492

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысы Дайыр Каримов дезинфекция иштери Республикалык штабдын протоколу менен жүргүзүлүп жатканын билдирди. 

Дезинфекциядан кийин “оору күчөп кетти” деген сөздөрдү четке какты. Айтымында, ар бир партия хлор келгенде аны текшерүү үчүн санитардык кызматтын лабораторияларына берилет. Алар сапатын жана курамын аныктап беришет. Буга чейин ӨКМ дезинфекция каражаттары Саламаттык сактоо министрлигинин, эпидемиологдордун көрсөтмөсү менен даярдалып, бардык талаптарды аткаруу менен жүргүзүлөрүн билдирген. 

Интернетте социалдык тармактардын айрым колдонуучулары дезинфекциялоодон кийин булганган аба пневмониянын күчөшүн шарттап жатканын жазып чыгышкан. Ушул күндөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө боюнча калк жыш жүргөн жерлерди өрт өчүрүүчү автоунаалар менен дезинфекциялап жатат.

Новости по дате