http://ktrk.kg/БШК  үгүт иштерине катыша турган жалпыга маалымдоо каражаттарын расмий каттады

БШК үгүт иштерине катыша турган жалпыга маалымдоо каражаттарын расмий каттады

28 Июль , 13:44 770

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштерине катыша турган жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды расмий каттады. Мекеменин маалыматына караганда, 27-июлдагы отурумунда комиссия аларды аккредитациядан өткөрүү тууралуу токтом кабыл алды. 

Тизмеге 210 массалык маалымат каражаты жана интернет-басылма кирди. Алардын 57си телекомпания, 52си гезит-журнал, 26сы радио жана 75и интернет-басылма. 

Эфир убактысы, басма аянты жана интернет-басылмага жарыялоо укугу үчүн акы төлөө шарттары тууралуу маалымат Боршайкомдун расмий сайтына жарыяланат.



Новости по дате