http://ktrk.kg/Кыргызстанда коронавирус боюнча кырдаал жөнүндөгү расмий сайт - COVID.KG жаңыланды

Кыргызстанда коронавирус боюнча кырдаал жөнүндөгү расмий сайт - COVID.KG жаңыланды

29 Июль , 9:41 513

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

COVID.KG бул  - учурдагы  Кыргызстанда коронавируска байланышкан кырдаал жөнүндө негизги маалымат брген бирдиктүү маалыматтык аянтча болуп саналат, анда – коронавируска байланышкан  кырдаал жөнүнө, ачылган стационарлар боюнча, коронавируска каршы күрөшүүнүн алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар  жөнүндөгү актуалдуу жана расмий статистикалык маалымат, акыркы жаңылыктар ж.б. камтылган. Бул онлайн ресурс калктын маалымдуулугун  жогорулатуу максатында Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын суроо-талаптарынын негизинде  ата мекендик IT адистер тарабынан иштелип чыккан жана Саламаттык сактоо министрлигинин  колдоосу менен иштеп жатат. Онлайн ресурс https://covid.kg/ шилтемесинде жеткиликтүү. Ресурс жоопту маморгандардын  маалыматтык базалары менен интеграцияланган жана маалыматтар дайыма жаңыртылып  турат. Системалар  МТБМК алдындагы «Укук» МИ тарабынан иштелип  чыккан жана колдоого алынган

https://covid.kg/ расмий сайты Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын жумушуна колдоо негизинде ата мекендик IT адистер жана Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте, ошондой эле учурдагы коронавируска каршы күрөшүү жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу максатында жаңыланды. Бул ресурста ыңгайлуу жана түшүнүктүү форматта төмөнкүдөй расмий маалыматтар берилген:

  • Күндөргө карата, областтар боюнча жуктуруу жана сакайып кетүүлөрдүн тастыкталган учурлары жөнүндө толук актуалдуу маалымат;
  • Ачылган стационарлардын интерактивдүү картасына жана алардын мүмкүнчүлүктөрүнө шилтеме;
  • Республикалык штабдын жана мамлекеттик органдардын акыркы жаңылыктары;
  • COVID-19 каршы күрөшүүнүн алкагында эң популярдуу онлайн ресурстарга шилтемелер;
  • Алынган маалымат боюнча сурамжылоо;
  • Ыкчам байланыш жөнүндө маалымат;
  • Оорунун белгилери, алдын алуу методдору жана алгачкы самодиагностика тууралуу кошумча маалымат.

Жаңы маалыматык системалар иштелип чыккандыгына жана ишке киргизилгендигине жараша Кыргызстандагы коронавирус тууралуу COVID.KG расмий сайты жарандардын ыңгайлуулугу үчүн жаңы маалыматтар жана шилтемелер менен толукталат. Бүгүнкү күнгө карата COVID.KG онлайн ресурсунда 13,5 миң көрүү сеанстары өткөрүлгөн.

Ресурстагы маалыматтардын актуалдуулугуна Саламаттык сактоо министрилиги жана Республикалык штаб жооптуу. Техникалык колдоо – МТБМК алдындагы “Укук” МИ.


Новости по дате