http://ktrk.kg/Кыргызстандын токой чарба кызматкерлери жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз болушту

Кыргызстандын токой чарба кызматкерлери жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз болушту

29 Июль , 10:40 189

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Пандемия шартында иш алып барып жаткан Кыргызстандын токой чарба кызматкерлери жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз болушту. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги коронавируска каршы күрөшүү максатында Дүйнөлүк банк жана Глобалдык экологиялык фонд тарабынан каржыланган беш миллион сомдон ашык каражатка бет кап, көз айнек, кол кап, респиратор, антисептик, бет калкан, коргоочу костюм сыяктуу жеке коргонуучу каражаттарды алып, өлкөнүн 39 токой чарбасына таратып берди. 

Бул коргоо каражаттары токойлорду отургузуу, калыбына келтирүү жумуштарын аткарууда токой тармагынын кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылуу максатында берилди.

Новости по дате