http://ktrk.kg/Коронавирус инфекциясынын курмандыгы болгон кыргызстандыктардын элесине арналган аза күтүү иш-чарасы өттү

Коронавирус инфекциясынын курмандыгы болгон кыргызстандыктардын элесине арналган аза күтүү иш-чарасы өттү

30 Июль , 9:16 302

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

«Ата-Бейитте» коронавирус инфекциясынын курмандыгы болгон кыргызстандыктардын элесине арналган аза күтүү иш-чарасы болуп өттү.

Бүгүн, 30-июлда, “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде коронавирус инфекциясынын курмандыгы болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын элесине арналган аза күтүү иш-чарасы болуп өттү.

Маркумдарга багышталып Куран окулду.

Улуттук аза күтүү күнүнө арналган эскерүү иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңеш Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку Соттун Төрайымы Гүлбара Калиева, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын начальниги Раимберди Дүйшөнбиев жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Максат Токтомушев катышты.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын 27-июлунда “Кыргыз Республикасында 2020-жылдын 30-июлун Улуттук аза күтүү күнү катары жарыялоо тууралуу” Жарлыкка кол койгон.

Коронавирус инфекциясынын Кыргыз Республикасында жайылышы менен бул илдет өлкөнүн көптөгөн жарандарынын өмүрүн алып кетти.

Аза күтүү күнүндө Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында тиешелүү иш чаралар болуп өтөт, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарындагы мамлекеттик туулар түшүрүлөт.

Кыргыз Республикасынын маданий мекемелерине жана телерадиокомпанияларына көңүл ачуучу иш-чараларды жана берүүлөрдү токтото туруу сунушталды.

Новости по дате