http://ktrk.kg/Covid-19: салык органдарынын 7 кызматкери каза болду

Covid-19: салык органдарынын 7 кызматкери каза болду

30 Июль , 15:09 4053

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Июнь-июль айларында коронавирус жана пневмония оорусунун кесепетинен салык органдарынын 7 кызматкери каза болду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. 

Алар Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын ага тескөөчүсү Турат Имеров, Мамлекеттик салык кызматынын Тогуз-Торо району боюнча башкармалыгынын башчысы Назгүл Керимакунова, Мамлекеттик салык кызматынын Бишкектин Октябрь району боюнча башкармалыгынын ага тескөөчүсү Кубатбек Асанкожоев, Мамлекеттик салык кызматынын Кызыл-Кыя шаары боюнча башкармалыгынын ага тексөөчүсү Авазбек Маманазаров, Мамлекеттик салык кызматынын Жайыл району боюнча башкармалыгынын ага тескөөчүсү Гүлзаада Байгудинова, Салык кызматынын Биринчи май району боюнча башкармалгынын башкы тескөөчүсү Элмирбек Арзыматов, Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Кенжеахун Бостонбаев. 

Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги жана жамааты мезгилсиз дүйнөдөн кайткан салык кызматкерлеринин жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөт.

Новости по дате