http://ktrk.kg/Шавкат Мирзиёев Кыргызстан элин жана Президентти Курман айт майрамы менен куттуктады

Шавкат Мирзиёев Кыргызстан элин жана Президентти Курман айт майрамы менен куттуктады

31 Июль , 10:34 118

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады. «Акыркы жылдары биргелешкен күч-аракеттерибиз менен биздин эки өлкөнүн жана эки элдин ортосундагы боордоштук, достук жана жакшы коңшулук мамилени мындан дагы бекемдөөгө жетиштик. Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы түзүлгөн жана жигердүү өнүгүп жаткан стратегиялык өнөктөштүк мамилелер мындан ары дагы эки өлкөнүн өсүп-өнүгүшү жана туруктуулугу үчүн бекемделе берерине күмөнүм жок», — деп айтылат Өзбекстан Президентинин куттуктоо телеграммасында

Шавкат Мирзиёев Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө албан ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги кыргыз элине тынчтык, береке жана бакубатчылык каалады.




Новости по дате