http://ktrk.kg/Коронавируска каршы күрөшкө тартылган медицина кызматкерлеринин кенемте төлөмдөрү көбөйтүлдү

Коронавируска каршы күрөшкө тартылган медицина кызматкерлеринин кенемте төлөмдөрү көбөйтүлдү

31 Июль , 15:07 149

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коронавируска каршы күрөшкө тартылган медицина кызматкерлеринин кенемте төлөмдөрү көбөйтүлүүдө. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди. Өкмөт тарабынан ах халатчандар алчу кенемте төлөм кайра каралып чыккан. Ага ылайык, биринчи категорияга кирген казармалык тартипте иштеп жаткан дарыгерлерге мурда 1 күнгө 2 300 сом төлөнсө, ал 30% жогорулады. 

Андан тышкары обсервацияга чыккан медицина кызматкерлерине ал жактагы ар бир күн үчүн 900 сомдон бөлүнөт. Ошондой эле казармалык тартипте иштеген орто медициналык персоналдын кенемте төлөмдөрү 2 миң сомдон 2 жарым миң сомго, кенже кызматкерлердики 1 800 сомдон 2 миң 200 сомго чейин көбөйтүлүүдө. Экинчи категориядагы график боюнча иштеген медицина кызматкерлери үчүн да кенемте төлөмдөрү кайра каралган. Дарыгерлерге төлөнүүчү төлөм 30%га көбөйтүлдү. 

Мурда алар иштеген ар бир саат үчүн 100 сомдон алса, эми 130 сомдон ала баштайт. Медицина кызматкерлери бир ай иштейби же 14 күн иштейби аны өзүнүн ден соолугуна жараша чечүүгө укугу бар. 

Ошол эле учурда орто медициналык кызматкерлердин төлөмдөрү 90 сомдон 120 сомго, кенже кызматкерлердики 80 сомдон 100 сомго көбөйтүлүүдө. Кенемтенин көбөйүшү тез жардам кызматкерлерине дагы тийиштүү. Аларга кенемте төлөм ар бир оору жуктурган бейтапка көрсөткөн кызматы үчүн төлөнөт. Мурда дарыгерлерге 600 сом төлөнүп келсе, эми алар 750 сомдон ала башташат. Орто медициналык кызматкерлер 600 сом ал эми кенже кызматкерлер 500 сом төлөнөт. Мындан тышкары өлүкканада каза болгон адамга изилдөө жүргүзгөн медицина кызматкерлерин төлөмдөрү 25 пайызга чейин өскөн.




Новости по дате