http://ktrk.kg/Дарыгерлерге кошумча компенсациялык төлөмдөр берилет - Кыргызстан жаңылыктары

Дарыгерлерге кошумча компенсациялык төлөмдөр берилет - Кыргызстан жаңылыктары

31 Июль , 21:48 483

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Медициналык кызматкерлердин компенсациялык төлөмдөрү:


«Дарыгерлерге кошумча төлөнүүчү акынын механизми 4 категориядан турат. Азыркы учурда бир күнгө төлөнүүчү каражаттын өлчөмү жогорулады», - деп билдирди КР вице-премьер-министри Аида Исмаилова.


Анын айтымында, медкызматкерлердин 14 күн обсервацияда болуу мөөнөтү кайра каралып чыгып 7 күнгө чейин кыскарган. Ал эми бир күнгө төлөнүүчү сумма өзгөрбөй – 900 сом бойдон калууда.


Биринчи категория: Казармалык режимде иштеген кызматкерлерге (жугуштуу оорулар бөлүмү, ПИТ бөлүмү, реанимация, вирусологиялык лабораториялар, обсерваторлор, мобилдик бригадалар) 1 сутка үчүн төлөмдөр жаңы механизм боюнча төмөнкүдөй:



 - Дарыгерлер – 3000 сом (30%га көбөйдү)

 - Орто медперсонал – 2500 сом (25%га көбөйдү);

 - Кенже медперсонал ТОП жана МОП – 2200 сом (22%га көбөйдү).


️Ошондой эле, бул категориядагы медкызматкерлерге, обсервацияда жатканыдыгы үчүн 900 сом төлөнөт. Анын өлчөмү 7 күн үчүн 6 300 сомду түзөт.


Экинчи категория: Адаттагыдай режимде иштеген медкызматкерлерге (убактылуу түзүлгөн жерлерде, лабораториялар, СКП, блокпосттор, обсервация, мобилдик бригадалар) иштеген 1 сааты үчүн төлөмдөр:



 - Дарыгерлер, АУП – 130 сом;

 - Орто медперсонал –120 сом;

 - Кенже медперсонал ТОП жана МОП - 100 сом.



 Үчүнчү категория: Тез жардам кызматында иштегендерге кошумча акы COVID-19 вирусту жуктурган бир адамды жеткиргени үчүн төлөнөт:



- Дарыгерлер, АУП – 750 сом;

- Орто медперсонал – 600 сом;

- Кенже медперсонал ТОП жана МОП – 500 сом.


Төртүнчү категория: Моргдо иштеген медкызматкерлерге кошумча акы COVID-19 вирусту жуктурган бир өлүктү сойгондугу үчүн төлөнөт:


- Дарыгерлер, АУП – 1250 сом;

- Орто медперсонал – 1000 сом;

- Кичи медперсонал ТОП жана МОП – 800 сом.


Новости по дате