http://ktrk.kg/Пандемияга байланыштуу майрамдык айт намазы онлайн режимде окулду - Кыргызстан жаңылыктары

Пандемияга байланыштуу майрамдык айт намазы онлайн режимде окулду - Кыргызстан жаңылыктары

31 Июль , 22:58 325

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Пандемияга байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Курман айт майрамын белгилөө боюнча айрым чектөөлөрдү киргизди. Адатта мечитте же борбордук аянтта окула турган майрамдык Айт намазы бүгүн онлайн режимде окулду. Мындай чечим жугуштуу тумоонун жайылышына карата кабыл алынганын муфтияттан билдиришти. Бишкек шаарындагы борбордук мечитте саналуу аалымдардан турган чакан курам Айт намазын окуп, жалпы журтка бейпил турмуш, ден соолук, өлкөгө өсүп-өнүгүү тилешти. Бул иш-чара Коомдук телерадиоберүү корпорациясы тарабынан борбордук мечиттен түз эфирде көрсөтүлдү.



Новости по дате