http://ktrk.kg/Балдар үйүнүн тарбиялануучулары Америкага барат

Балдар үйүнүн тарбиялануучулары Америкага барат

14 Июнь 2016 , 7:34 2329

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкектеги балдар үйүнүн тарбиялануучулары Америка кошмо штаттарына барат. Шаардык мэриянын маалыматы боюнча, калаа бийлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан жетим балдар үчүн хостинг долбоорунун алкагында 17-июндан 28-июнга чейин балдар АКШга барат. 

Америкага 4 жаштан 14 жашка чейинки 40 бала сапар тартат жана аларды 6 кызматкер коштоп барат. Балдар ал жакта Түндүк Каролина, Калифорния, Нью-Йорк, Техас, Кентукки жана Виржиния штаттарындагы үй-бүлөлөр менен жашайт. 

Ар бир үй-бүлө катуу тандоодон жана балдарды кабыл алуу үчүн атайын даярдыктан өттү. Сапар алкагында балдар медициналык текшерүүдөн өтүп, дарылануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. 

Сапардын алкагында балдар зоопарктарды, океанды көрүп, шаарды кыдырышат. Эң башкысы сапар учурунда балдар чет тилин үйрөнгөндү жакшырта алат. 

Мындай долбоор былтыр дагы ийгиликтүү ишке ашкан. 12 бала Америка Кошмо штатына жөнөтүлүп, мекенине ийигиликтүү кайтып келген.


Новости по дате