http://ktrk.kg/Кыргызстандын этине Бириккен Араб Эмираты жана Кытай кызыкдар

Кыргызстандын этине Бириккен Араб Эмираты жана Кытай кызыкдар

15 Июнь 2016 , 7:44 980

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын этине Бириккен Араб Эмираты жана Кытай өлкөлөрү кызыкдар. Ошондуктан бул багытта мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калыс Жумаканов маалымдады.

Эт багытында мал баккан Ош облусунун Алай районундагы Корул айылынын фермери Араппай Табалдиев багылган малынын этин өткөрө албай убара тартып келгенин ырастайт. Ошондуктан бул маселени жер-жерлерде чечип берүү сунушун билдирет. Өлкөдө акыркы жылдары малдын башы өсүп барат. Ошондуктан сыртка эт экспорттоого шарттар бар экенин адистер белгилешет. Ал үчүн мал соючу жайлардын ар бир облус аймагына куруу зарылдыгы келип чыгат.

К. Калилов, “Биринчи радио”    

Новости по дате