http://ktrk.kg/Террор коркунучунун алдын алуу

Террор коркунучунун алдын алуу

16 Июнь 2016 , 10:47 2005

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Заманбап комуникация менен технологиялар өнүккөн сайын террордук, экстремисттик топторго каршы туруу дагы кыйындап бара жатат. Бул тууралуу Ысык-Көлдө өткөн эл аралык терроризмдин алдын алууга арналган иш-чарада айтылды. 

Буга Улуу Британия, Индия, Канада, Молдова, Ирак жана башка мамлекеттерден келген делегациялар, бир нече эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Жыйындагылар кибер тероризм менен технологиялык терроризм акырындап кулачын жайып бара жатканын белгилешет. 

Аны көзөмөлгө алып токтотуп калуу мүмкүнчүлүгү аз болуп жатат. Себеби технологиялык өнүгүү заманы бир орунга турбайт.

Анан калса террордук, экстремисттик топтордун өтө жашыруун, тымызын аракеттери мамлекеттердин биригип иш алып баруусун талап кылып жатат дешет жыйындын катышуучулары. 

Тероризм жана экстремизм темасына арналган иш чара эки күнгө созулуп, мында айтылган сунуш пикирлер коопсуздук маселеси менен алектенген бардык эл аралык уюмдарга жөнөтүлөт.




Новости по дате