http://ktrk.kg/ Бийчи Атай Өмүрзаков жаңы долбооруна инвестор издейт

Бийчи Атай Өмүрзаков жаңы долбооруна инвестор издейт

17 Июнь 2016 , 8:36 1120

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бийчи Атай Өмүрзаков өзүнүн жаңы долбооруна инвестор издейт. Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. 

Анда маалымдалгандай, 2015-жылы анын командасына чет элдик ири продюсердик компаниядан долбоор сунушталган. Ал 3D форматында, жаңы технологиялар менен дүйнөлүк масштабда концерттик турне көрсөтүүнү даярдоо сунушу болчу. 

Долбоордун концепциясы продюсерлерге сунушталып, алар тарабынан жактырылган. Бийчинин айтуусунда, иштелип чыккан долбоор - Кыргызстанды жакшы жагынан таанытып, дүйнөлүк өнүгүүдөн артта калбаган өлкө катары көргөзүүгө өбөлгө түзөт. 

Бирок, ири долбоорду ишке ашыруу үчүн каражат жетишсиз болгондуктан, Атай жана анын командасы инвесторлорду издеп жатат.




Новости по дате