http://ktrk.kg/Акыйкатчы институтуна кайрылгандардын саны эки эсеге көбөйдү

Акыйкатчы институтуна кайрылгандардын саны эки эсеге көбөйдү

21 Июнь 2016 , 9:16 1729

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл Акыйкатчы институтуна кайрылган жарандардын саны эки эсеге көбөйгөн. Омбудсмен Кубат Оторбаевдин айтымында, соңку 5 айда 6,5 миңге чукул жаран кайрылган. 

Укугун коргоп берүүнү өтүнгөндөрдүн көбү сот, прокуратура, жазаларды аткаруу кызматына жана мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине арыздангандар. 

Ошол эле учурда акыйкатчы өлкөдөгү абак жайларын кыдырып, эркинен ажыратылгандардын шарты менен кыйноо фактыларына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирди. 

Бирок Оторбаев кыйноо колдонду деген айып менен соттолгондор өтө эле аз экенин белгиледи. Муну менен катар Акыйкатчы Кылмыш кодексине толуктоо киргизүүнү депутаттарга сунуштап жатканын ырастады.


Новости по дате