http://ktrk.kg/Советтик жоокердин сөөгү мекенине коюлду

Советтик жоокердин сөөгү мекенине коюлду

24 Июнь 2016 , 3:04 926

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

1942-жылы Улуу Ата Мекендик согуш учурунда баатырларча курман болгон жоокер Мендеш Өмүралиевдин сөөгү кичи мекени Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кызыл-Сай айылында жерге берилди. Эли жери үчүн жанын аябай душман менен кармашып жатып курман болгон жоокер жана баатырдын урматына эскерүү зыйнаты болду. 

Жоокердин акыркы сапарга узатуу үчүн минден ашуун жердештери чогулду. Облус жана район жетекчилери, жогорку кенештин депутаттары, маркумдун туугандары жана карапайым эл келди. Мендеш Өмүралиевдин сүрөтүнө гүл чамбарлар коюлуп, анын эрдиги тууралуу жана согуштун апааты жөнүндө сөздөр айтылды. Баатырды жерге берүү зыйнатына Тверь облусунан анын сөөгүн тапкан «Морозов» издөө тобунун өкүлдөрү да келди. 

Алардын айтымында, Мендеш Өмүралиев Ржевск районун коргоодо баатырларча курман болгон. Анын сөөгун тапканда эки колунда граната, жанында мылтыгы жана денесинде 50 дөн ашуун жарылуудан алган жаракаттары болгон. Жоокер курман болгондон кийин 74 жылдан кийин гана туулуп өскөн мекени Талас жергесинде урмат сый менен жерге берилди.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118


Новости по дате