http://ktrk.kg/Түштүк аймакта патрулдук милиция ишке кирди

Түштүк аймакта патрулдук милиция ишке кирди

2 Июль 2016 , 9:01 3697

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 Ош облусу, Ош шаары, Жалал-Абад жана Баткен облустарында патрулдук милиция кызматы ишке кирди. Бүгүн жол кайгуул жана күзөт кайгуул кызматтарынан түзүлгөн патрулдук милицияга Ош шааарында унаалар тапшырылды. 

Азырынча алар 3 облустун аймагын жол жээгинде турбай, 66 унаа менен күнү-түнү кыдырып көзөмөлгө алышат. Ал үчүн Ош облусу менен Ош шаарына кошумча кызматтык унаалар берилди. 

ИИМдин маалыматына караганда өкмөт чегерген 88 млн сомдун эсебинен ушул ай ичинде патрулдук милиция керектүү жабдуулар менен камсыз болот. Ал эми жыл аягына чейин дагы кошумча 60 унаа облустарга таркатылат. ИИМдин министри Кашкар Жунушалиев тартип сакчылары элге сылык мамиле кылышын баса белгилеп, жоопкерчиликтүү болгонго чакырды.

 


Новости по дате