http://ktrk.kg/Балдар эс алуу жайына муктаж

Балдар эс алуу жайына муктаж

20 Июль 2016 , 16:08 3849

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун атайын токтомунун негизинде Ош шаарындагы “Жаштык” лагери андагы убактылуу жашап жаткандардан бошотулду. Лагерде 2010-жылдын июнь окуясынан кийин 19 үй-бүлө убактылуу жашап келген. Аларга шаарда “турак-жайым жок” деген жарандар да кошулгандыгы аныкталды. Адистердин айтымында, алты жылдан бери кароосуз калган балдар лагери толугу менен ондоп-түзөөгө муктаж.

Ош шаарынын тургуну Гүлнара Мадалиева, аймактагы балдар үчүн эс алуучу жайдын кемчилиги - келечек муундарын ойго мокок, сөзгө чоркок кылып тарбиялоодо,- дейт. Балдарынын келечегине кабатыр болгон ата-эне жолду н ыраактыгына карабай, мектеп курагындагы эки баласын шаардагы балдардын чыгармачыл борборлорунун бирине күнүгө алып келүүгө аргасыз.

Шаардык билим берүү башкармалыгы кырдаалдан чыгуу максатында, калаадагы билим уяларына убактылуу лагерлерди ачып, 600 баланы эптеп эс алдырымыш болду. Ал эми шаардагы жападан жалгыз балдардын чыгармачыл борбору учурда эки нөөмөт менен иштеп жатат.

Кезегинде 1000ге жакын мектеп окуучусун эс алдырган “Жаштык” лагери азыркы тапта ушундай абалга кептелген. Адистердин айтымында, лагерди таштандылардан арылтып, ирээтке келтирүүгө эле кеминде 1 ай убакыт керектелет.

Өкмөттүн атайын токтомунун негизинде, лагерь бүгүн убактылуу жашоочулардан толугу менен бошотулду. Башка жайга көчүрүү, салтка айланып калгандай, карама- каршылыктар менен коштолду. 

Алты жылдан бери лагерди баш-паанек кылып келген ЗарипаСабирова, буга чейин “жер тилкесин алып берем”,- деген Күмүшай аттуу лидер айымга акчасын тарттырып жибергенин айтат. Эки тараптын кайым айтышуусунан, жаңы маалыматтар да калкып чыкты. Көрсө, мындагылардын басымдуу көпчүлүгү буга чейин жертилкелерин алып, айрымдары анысатып жибергенге да үлгүргөн. Алардын катарында, Зарипа Сабированын да ысымы аталды.

Шаардын камкордугуна алынган 11 үй-бүлө Алай-1 жаны конушуна убактылуу жайгаштырылды. Атайын түзүлгөн комиссия бул жарандардын турак-жайга чыныгы муктаждыктарын 21-июлда карайт. Комиссиянын чечимине чейин, жарандар убактылуу чатырларда жашап турат. 

Ал эми облустун карамагына өткөн тогуз үй-бүлө болсо, Төлөйкөн айылына убактылуу жайгаштырылды. Жер тилкеси боюнча атайын түзулгөн комиссиянын ишмердүүлүгүн өкмөт башчы жеке көзөмөлүнө алган.

Бул аракеттер ”Жаштык ” балдар лагерин сактап калуу максатын көздөйт дейт адисер. Ош шаарындамектепкурагында 59 миңдей бала бар. Ал эми, жарым миллионго чукул калкы бар Ош шаары үчүн миң орундуу бул лагерь - балдарды эс алдыруу муктаждыгын толугу менен жаба албайт.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118


Новости по дате