http://ktrk.kg/Аутизми бар балдар жылмауюңар менен бөлүшүүгө чакырат

Аутизми бар балдар жылмауюңар менен бөлүшүүгө чакырат

19 Янв 2016 , 1:20 1936

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн, Г.Айтиев атындагы сүрөт өнөр музейинде “Жылмаюуң менен бөлүш” аттуу балдардын колу менен жасалган сүрөттөрдүн сатуу-көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөдө аутизми бар балдардын жана ата-энелеринин “Рука в Руке” коомдук бирикмесиндеги балдардын сүрөттөрү, “Мария” бий спорт клубунун жаш сүрөтчүлөрүнүн жана “DI“ көркөм өнөрканасынын эмгектери сунушталат. Аутизми бар балдардын көпчүлүгү сүйлөй алышпайт, ошондуктан алар сезимдерин боёктор аркылуу билдиришет. Аталган көргөзмө 19-январдан 4-февралга чейин ачык. Белгилей кетсек, көргөзмөдө сүрөттөрдү сатып алуу болот. Сатуудан түшкөн баардык каражаттар аутизми бар балдарга жардам фондуна берилет.

Новости по дате