http://ktrk.kg/Ош шаарында эгемендүүлүкө карата  балдар бакчасы ачылды

Ош шаарында эгемендүүлүкө карата балдар бакчасы ачылды

31 Авг 2016 , 6:46 4603

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош жергесинде да эгемендиктин 25 жылдык салтанаты өтүүдө. Саамалыкты утурлай бүгүн Озгур айылында 100 орундуу бала бакчанын ачылышы болду. Ага биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев катышып, акыркы жылдары өлкө башчысынын жеке көзөмөлүнүн астында менчик колго өтүп кеткен 198 бала бакча кайра кайтарылып алынганын айтты. 

Андан соң майрамдык жүрүш, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө зор салым кошкон улуу инсандардын айкелине гүл чамбар коюу менен коштолду. Абдыкадыр Орозбеков, Исхак Раззаков, Султан Ибраимов жана Алымбек датка өңдүү инсандар ар дайым улут жүзү болуп, эмгегилдиктин үлгүсү болоору айтылды. 

Борбордук аянтта болсо калың эл чогулуп, театрлаштырылган оюн зоок программасы тартууланды. Эс алуу жайларында концерттик-программалар менен спорттук иш чаралар өтүп, элдик майрам Ош жергесинде күн бою уланмакчы. 


Новости по дате