http://ktrk.kg/Үңкүр-Тоо маселеси өкмөттө каралды

Үңкүр-Тоо маселеси өкмөттө каралды

5 Сент 2016 , 10:55 2387

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн Үңкүр-Тоонун айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Анда Үңкүр-Тоонун айланасында түзүлгөн кырдаалды чечүү боюнча аткарылган иш-аракеттер, өзбек тараптын аймагында кармалып турган 4 жаранды кайтарууга багытталган чаралар тууралуу маалымат берилди.

Өз кезегинде Жээнбеков, Өзбекстанга жасаган иш сапарынын алкагында кесиптеши Шавкат Мирзиёев менен чек ара маселесин талкуулаганын билдирди. Өкмөт башчынын айтымында коңшулар чек ара маселесин жөнгө салуу боюнча конструктивдүү кызматташууга даяр. 

Аны менен Сооронбай Жээнбеков кеңешменин катышуучуларына тийиштүү тапшырмаларды берди. Мында Өзбекстандын мамлекеттик органдары менен биргеликте келип чыккан маселени тез арада чечүү, чыр-чатактарды алдын алуу боюнча кечиктирилгис жана координациялык иштерди жүргүзүү тапшырмасын койду.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118

Новости по дате