http://ktrk.kg/Улуу манасчы Саякбай Каралаев тууралуу даректүү көркөм тасма тартылууда

Улуу манасчы Саякбай Каралаев тууралуу даректүү көркөм тасма тартылууда

21 Сент 2016 , 2:55 8859

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тоң жергесинде 20-кылымдын гомери Саякбай Каралаев тууралуу даректүү көркөм тасма тартылууда. Улуу Манасчы тууралуу тасмага көптөгөн сценарийлерден режиссёр Эрнис Абдыжапаровдун варианты жактырылган. Учурда тасманы режиссёр өзү тартып жатат. Тасманы "Саякбай манасчы" фонду каржылап жакын арада тартылып бүтөт. 

Тасманын көбүнчө бөлүгү Саякбай Каралаевдин туулуп өскөн жери Тон аймагында тартылып жатат. Дааналап чагылдырыш үчүн Манасчы жашаган үйү да көл жээгине салынган. Ал эми башкы ролду белгилүү кино актер эл арасында (Бопуш ) аты менен таанылып калган Марат Жанталиев аткарууда.Биздин чыгармачыл топ Манасчы менен жазуучу Чынгыз Айтматовдун жолугушуу учуруна туш келди.

Белгилей кетсек Чынгыз Айтматов дал ушул Саякбай Каралаевдин батасын алып кеткенден кийин дүйнөгө атагы чыккан жазуучу болгон дешет. Чынгыз Төрөкуловичтин образын болсо жазуучунун кичүү уулу Элдар аткарууда.

Көркөм тасма улуу Манасчынын басып өткөн жолу, кантип Манас айтып калганы, түшүнө Манас ата, Бакай ата кантип келип аян бергенин чагылдырылат. Саякбай атанын образын болсо кичине кезин белгилүү Манасчы Үмөт,орто жашын Бактыбек Нурмат уулу жана улгайган курагын Марат Жанталиев аткарып жатышат. Марат Жанталиевдин буга чейин эл арасында көбүнчө куудул катары таанылып калган .Бирок профессионал актер дал ушул улуу Манасчынын образын ролу туш келип калганына кубанып жатат. Бош учурунда болсо Манас жаттап,азыр бир топ сабын жатка айтып калыптыр.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118





Новости по дате