http://ktrk.kg/Кадамжайдагы жол кырсыгынан 3 адам каза болду

Кадамжайдагы жол кырсыгынан 3 адам каза болду

26 Янв 2016 , 1:51 2193

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

23-январь күнү Кадамжай шаарында болгон унаа кырсыгында жабыркагандар ооруканада дарыланууда. Оор жүк ташуучу унаа үч жеңил машина менен кагылышып, үч адам каза болгон. Алардын экөө Өзбекстандын жараны. 

Ошондой эле кырсыктан 30 адам жараат алып, жергиликтүү ооруканага кайрылган. Алардын арасында абалы оор жүргүнчүлөр да бар. Кырсыкка күнөөлү катары Ош шаарынан келе жаткан оор жүк ташуучу унаа айтылууда. 

Чоң унаа Пүлгөн айылындагы бурулуштан башкаруусун жоготуп, жолдун жээгинде турган эки "Дамас" машинасын жана Ош-Баткен каттамы аркылуу жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобусту сүзгөн. Кырсыктан жол боюндагы турак үй да жабыркаган. Жергиликтүү тургундардын айтымында кырсык ушуну менен 2, 3 жолу кайталанып жатат.

Новости по дате